Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата жаңы балдар бакчасы колдонууга берилет










Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Туран кичи шаарчасында курулуп жаткан жаңы бала бакчанын курулушунан кабар алып, куруучулар менен жолугушту. 120 орундуу бала бакчанын курулушу 95 пайызга бүтүп калган. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов бала бакчанын курулушун көрүп чыгып, айрым кемчиликтер менен ой бөлүшүп, тапшырма берди.
"Жаңы балдар бакчасын Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата шаардыктарга тапшыруу пландалып жатат. Кийинки аптада жаңы балдар бакчасынан дагы барып кабар алуу зарыл. Берилген тапшырмалардын үстүнөн иштеп, тапшыруу күнүнө чейин баарын бүтүрүш керек", - деди Мамбетов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.