super.kg logo

Яхтада эркин жолугушуу, баарлашуу... Садыр Жапаровдун Түркмөнбашы шаарына болгон иш сапары бир шилтемеде

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда. Жолугушууга Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев катышууда.

Алгач Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун сунушу менен яхтада эркин жолугушу өткөрүшкөн.

Андан соң Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын консультативдик жолугушуусу орун алып, өлкө президенти Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча өз ара кызматташуусун жакшыртууга бир катар сунуштарды айтты.

Садыр Жапаров ар бир өлкөнүн президенттери менен сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жолун талкуулаган.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушканда Түркмөнстандан Кыргыз мамлекетине жаратылыш газы менен электр энергиясын импорттоо, туризмди өнүктүрүү жана башка маселелерди талкуулашкан.

Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушканда коңшу өлкө менен саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүнү көздөп жатканына басым жасады.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолукканда соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселелери талкуулаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
07.08.2021. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахка чексиз шугурлор болсун ушундай жылдыздуу ыймандуу сонун адамгерчиликтуу президент Кыргыз элине буйруп койгонуна
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: