Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык прокуратурасы тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан курулуш компаниясына турак жай комплексин куруу үчүн уруксат берүүчү документтердин мыйзамдуулугун текшерген. Анын жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуулар аныкталбаса дагы, шаардык прокуратуранын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен тиешелүү органдарга негизсиз прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, материалдар дагы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине негизсиз түрдө катталгандан кийин курулуш компаниясынын жетекчиси кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Текшерүү учурунда жогорудагы иш көзөмөл органы тарабынан окулуп, натыйжада мыйзамсыз ачылган сотко чейинки өндүрүш иши кыскартылган.
Башкы прокуратуранын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык прокуратурасынын бир катар кызматкерлери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, борбор шаардын прокурору кызматынан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.
Бишкек шаарынын прокурору болуп Марсбек Кыдыкбаев 2021-жылдын февраль айында дайындалган.