Улукбек Марипов Ысык-Көлдөгү селден жабыркаган айыл тургундары менен жолугушту







Улукбек Марипов Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө селдин кесепетинен жабыркаган Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондоруна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин башчысы Ак-Суу дарыясындагы суунун деңгээлинин жогорулашынан улам жабыркаган Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы бузулган көпүрөнүн абалы менен таанышты.
Маалыматта айтылгандай, тармактык мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттүн ичинде эки көпүрөнүн курулушун баштоону жана жээктерди чыңдоо иштерин жыйынтыктоо тапшырылды.
Андан соң ал 14 миңден ашуун адам жашаган Теплоключенко айылынын тургундары менен жолугушту, алардын жарымынын жеке турак-жайы жок. 1991-жылдан бери айылда жерлерди трансформациялоо маселеси чечиле элек. Бирок министрлер кабинетинин чечими менен 99 гектар жер трансформацияланган жана ал айыл тургундары арасында бөлүштүрүлүп берилет.
Улукбек Марипов 2017-жылы курулган жана селден жабыркаган Каракол шаарындагы Ривер паркына барды. Министрлер кабинетинин башчысы резервдик фондунан 50 миң сомду парктын жетекчилигине берди жана келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо ишин тездетүүнү тапшырды.
"Быйыл биз бир катар табигый кырсыктарга туш болдук. Алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ыкчам чара көрүү режимине өттү. Кырсыктардын алдын алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, жарандар өзүн коопсуз сезиши керек", – деди ал.
Эске сала кетсек, Жети-Өгүз районунда селдин кесепетинен жолдор жуулуп, дамба жарылган. Учурда жолдордо тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кызыл-Суу айылында турак үйлөрдүн короолорун жана чарбалык курулуштарды суу каптап, эки көпүрөнү суу алып кеткен. Транспорт жана жолдор министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан унаа өтүүчү көпүрөнү бекемдөө иштери жүргүзүлүп, жээкти чыңдоо иштери аткарылууда.

