Түркмөнстанда жолугушкан өлкө башчылары өнөр жай жана тамак-аш көргөзмөсүнө барышты









Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу жыйынтыкталган соң Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен биргеликте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсүнө барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекет башчыларына алгач көргөзмө жөнүндө видеотасма көрсөтүлдү. Андан кийин өлкө лидерлери Түркмөнстандын экономикалык, мунай-газ, айыл чарба, транспорт жана өнөр жай потенциалын чагылдырган стенддер менен таанышты.
Ошондой эле боордоштук жана достуктун символу болгон тыт дарагынын инсталяциясын көрүшүп, андан ары мамлекет башчылары Борбор Азия өлкөлөрүнүн көргөзмө павильондорунан кабар алышты.
Өнөр жай көргөзмөсүн көрүп чыккандан кийин мамлекет башчылары улуттардын тамак-аш көргөзмөлөрү менен таанышты.
Президент Садыр Жапаров жана региондогу өлкө лидерлери Кыргыз өлкөсүнүн, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын улуттук стилдеринде жасалгаланган боз үйлөрдү кыдырып көрүштү. Анда ашпоздор өз өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарын көрсөтүштү.

