super.kg logo

Улукбек Марипов турак үйлөрүн сел суулары каптаган Оттук айылынын тургундары менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 7-августта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тоң районунун Оттук айылына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган айылда селдин кесепетинен 320 турак үйдүн короолорун, 64 турак үйдүн ичин суу каптады, 3 үй авариялык абалда.

Министрлер кабинетинин башчысы турак үйлөрдүн абалын карап чыгып, бардык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ал жарандарды өзгөчө кырдаалдарга карата үйлөрүн камсыздандырууга чакырды.

Улукбек Марипов ошондой эле Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы "Кредо-Бак" кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкана мөмө-жемиш ширелерин жана пюрелерди чыгарат. Жашылча-жемиштерди сактоочу муздаткыч жабдуулар бар. Мындан тышкары уюм нан азыктарын чыгарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.08.2021. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мариповдун келээрине жакын алдынан иттерин жибериптир. Ютупта жүрөт журналистти кармап кетишип коркутушканы. Жакшы качып чыгып, башка адамдар куткарып калышыптыр.
07.08.2021. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МАРИПОВ КАМЕРАГА КООЗ КОРУНУП ЖАЛГАН СУЙЛОП ОЗУН ПИЯР КЫЛЫП ЖУРОТ ИТЕРИ АЛДЫН АЛА ЭЛДЕРДИ КОРКУТУП ДЕЖУРНЫЙЛАРДЫ ДАЙАРДАЙТ ЭКЕН КОЛУНАРДАН БОК КЕЛБЕЙ ЖАТАТ.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: