Кыргыздын желегин желбиреткен спортчулар Токиодон кайтып келишти
Бүгүн, 7-августта Олимпиадага кеткен улуттук курама команда Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишти.
Ал эми "Ала-Тоо" аянтында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын коргогон улуттук курама командабыздын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулду. Салтанат менен коштолгон иш-чара саат 13:00дө башталып, ага Олимпиадалык курамдын бардык мүчөлөрү, спортчулар жана машыктыруучулар катышат. Ошондой эле майрамдык иш-чараны кыргыз эстрада ырчылары коштойт.
Эске салсак, XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышып, 3 спортчубуз байгелүү орундарга жетишкен. Тагыраагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырган. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Акжол Махмудов дагы күмүш байгени камсыздаган.
кошулду







1 |