super.kg logo

"Топтолгондор милиция кызматкерлерине таш ыргытып, мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурушкан". Ош-Исфана жолун тоскондор боюнча Баткен ОИИБи маалымат берди

 
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылында алтын кенин казууга жергиликтүү тургундар каршы чыгып, Ош-Исфана жолун жаап коюшкан. Каршылыгын билдирген жергиликтүү 30 тургун милиция кызматкерлери тарабынан кармалганы айтылган. Бул боюнча Баткен ОИИБи билдирүү таратты.
"3-августта Лейлек районундагы Алмалуу тоосунда “Апрельское AZI” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдирип, Катраң айылынын тургундары аталган ишкананын техникаларын таштап келе жаткан оор жүк ташуучу автоунаасын жолдон тосуп алышып, техникаларды кайра алып кетүүсүн талап кылышкан.
Ал эми 4-август күнү алтын кен иштетүүчү ишкананын кызматкерлери алып келген техникаларын кайра алып кетүү үчүн барганда Катраң айылынын жергиликтүү тургундары жумушчуларды ур-токмокко алышкан. Натыйжада Исфана шаарынын 57 жаштагы Ж.З., Баткен районунун Самаркандек айылынын 48 жаштагы Ж.П., 56 жаштагы Х.Б. жана Бишкек шаарынын 57 жаштагы Б.Ж. аттуу тургундары денесинен жаракат алышып, Лейлек аймактык ооруканасына кайрылышкан. Ошондой эле “Апрельское AZI” ишканасына таандык Tойота Прадо үлгүсүндөгү автоунаасын талкалап, жараксыз абалга келтиришкен.
Милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздоо, ошондой эле элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган учурда топтолгон эл милиция кызматкерлерине таш ыргытып, мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурушкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине 265-берене (жолдорду мыйзамсыз тосушуп), 266-берене (ээнбаштык) жана 355-берене (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жогорудагы беренелердин негизинде Лейлек районунун Катраң айлынынын 7 тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Ал эми 6-август күнү саат 06:50 чамасында кармалган жарандарды бошотуу талабы менен Катраң айылынын 30-40ка жакын тургуну Ош-Исфана жолун мыйзамсыз тосуп алышкан.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен ОИИБинин жетекчиси жол тоскондорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ал эми кармалган 7 жаранга карата Сүлүктү шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралып, үй камагы тандалды. Азыркы күндө тергөө иштери уланып жатат", - дешти мекемеден.
Буга чейин Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургундары Ош-Исфана жолун жаап койгону тууралуу маалым болгон.SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун инвесторлор келип, тракторлорун алып келгенде айыл жашоочулары кайра артка кайтарганын, алар техникаларын дагы алып келебиз дегенде ызы-чуу чыгып, 30дай жергиликтүү тургунду камап алышканын айтып берген. Кийинчерээк унаа жол ачылганы кабарланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.08.2021. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ошол жерде болдум кече жол тосулуп калганда,жалган айтпагыла эч ким ,эч кимге таш ыргытылган жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: