"Эки спортчуга сөз берилбей калган". Президент Кайрат Иманалиевге элдин алдында сөгүш жарыялады
Президент Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге сөгүш берди. Буга Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон 3 спортчунун бирине сөз берилип, экөөнө, тагыраагы, Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага сөз берилбей калганы себеп болду.
"Урматтуу кыргыз элим, өкмөттүн аппаратынын уюштуруучуларынан анча-мынча ката кетип калат. Мен өзүм дагы байкабай калыптырмын, эки медаль ээлерине сөз берилбей калганына. Азыр атайын чакырып аларга да соз бердирдим. Сиздердин алдыңыздарда министрге сөгүш жарыялап кетейин. Кийинки жылдары мындан дагы чоң жетишкендиктерге жетели", - деди Жапаров.
Бүгүн, 7-августта Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар өлкөгө кайтып келишти. Аларды тосуп алуу аземи учурда "Ала-Тоо" аянтында уланууда.


Жеңүүчүлөргө ырахмат. Өзгөчө сулуу кыздарыбыз элибиз учун ишке жарады. Дагы көптөгөн кыздарыбыз жашоосунда ийгилик жаратып, жеңиш алып келишсин. Жаркын жана татыктуу жеңиш менен куттуктайбыз! Баардыгы мыкты жасалды. Ушул эле духт уланткыла. Ийгилик жана чыдамкайлык. Жакындарынын колдоосу жана алардын сүйүүсү ар дайым күч кошуп турсун.
Анан кыздар дайыма чачынарды жазып, жасанып, жаркырап, сулуу, жагымдуу болуп журо бергиле.