super.kg logo

Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Бүгүн, 7-августта министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Улукбек Марипов жалпы түрк элине адам курмандыктары менен коштолгон токойдогу өрт кырсыктарына байланыштуу көңүл айтып, жабыркагандарга тез арада калыбына келүүсүн каалады.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 10-кеңешмесин өткөрүүнүн жаңы датасын талкуулады.

Белгилей кетсек, 6-7-августка пландаштырылган 10-кеңешме Түркия Республикасындагы токойлордогу өрт кырсыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылган", - дешти министрлер кабинетинин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: