super.kg logo

"Бир катар тапшырмаларды берди". Улукбек Мариповдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары карыды

 

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары аягына чыкты. Бул туурасында министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тарабынан кабарланды.

Сапардын жүрүшүндө Улукбек Марипов селдин кесепетинен жабыркаган Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна барып, жергиликтүү калк менен жолукту. Улукбек Марипов калыбына келтирүү иштерин тез арада бүтүрүүнү тапшырды.

Улукбек Марипов мындан тышкары Каракол шаарындагы "Бугу Эне" зоопаркына барып, Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы "Кредо-Бак" кооперативинин, Ананьево айылындагы "Этнопродукт" ишканасынын иштери жана Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышты. Ошондой эле катуу мөндүрдүн кесепетинен айыл чарба өсүмдүктөрүнө залал келтирилген Түп районунун Арал айыл аймагынын жер тилкелерин кыдырып чыкты.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийликке бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: