super.kg logo

"Жоокерлерде байкалган терс таасирлер олуттуу эмес". Astra Zeneca вакцинасын колдонуу кайра жанданат

 

Жалал-Абадда аскердик бөлүктүн жоокерлеринде коронавируска каршы вакцина алгандан кийин терс таасирлер байкалган. Алгач алардын саны 44 болсо, кийинчерээк 56га жеткенин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкан.

Белгилүү болгондой, Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктө 90 адам коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын алышкан. Андан кийин аскерлерде терс таасирлер байкала баштаган.

Бул окуядан кийин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вакциналардын коопсуздугуна мониторингди күчөтүү боюнча чараларды көрүп, AstraZeneca вакцинасын колдонууну убактылуу токтоткон. Аталган вакцинаны колдонуу эртең, 9-августта кайра жанданарын министрликтен билдиришти.

"Вакцина алгандан кийин байкалган терс таасирлер организмдин коргонуу жообу катары эсептелет. Иммундаштыруудан кийинки жагымсыз окуя жаш куракка мүнөздүү болгон эмдөө жөнүндө тынчсыздануу (коркуу, тынчсыздануу) менен байланышкан реакция катары бааланды. Ковид-19га каршы вакцина алгандан кийин келип чыккан бардык жагымсыз окуялар олуттуу эмес", - дешти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
08.08.2021. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Вакцинарды койгулачы кереги жок
08.08.2021. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оздорунун балдары эмес да. Ошон учун коркунучтуу эмес да деп коюшат
08.08.2021. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ваксина албагыла туугандар.Бул адамзаттьы акырындап тукумсуздукка алып келет экен.
08.08.2021. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Медицина кызматкерлери өздөрү вакцина албай эле базага алды деп жаздырып коюшуп атат экен го. Элди өлтүрүп тынат Минздрав. Акча берсең карайт болбосо, өлүп кете бересиң
08.08.2021. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олуттуу эмес деп коюшат.созсуз олуп калыш керекпи олуттуу деп жыйынтык чыгарыш учун.
08.08.2021. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Астра зенс вакцинасы начар дер көпчүлүк өлкөлөр отказ кылып жатышса биздикилер бекер деп калкты эмдөөдөн өткөрүп жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: