super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн Токиодогу жайкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталат

 

Бүгүн, 8-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталат. XXXII жайкы Олимпиада оюндарын жыйынтыктоо салтанаты Япон улуттук олимпиада борборунда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө өтөт.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, COVID-19 илдетине байланыштуу иш-чара көрүүчүлөрү жок өтөт. Жыйынтыктоо аземин император Нарухито ачып берет. Иш-чаранын уюштуруучуларынын билдирүүсү боюнча, жабылуу аземине 61 өлкөнүн спортчулары катышпайт.

Олимпиадага катышкан өлкөлөрдүн спортчулары параддан өтүп, Кыргыз мамлекетинин туусун эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат.

Программанын соңунда Олимпиада туусун Франциядан келген өкүлдөргө тапшырып берүү менен аяктайт.

Эске салсак, "Токио-2020" XXXII жайкы Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 206 өлкөнүн 11 миңден ашуун спортчусу катышты. Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышып, 3 спортчубуз байгелүү орундарга жетишкен. Тагыраагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырган. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Акжол Махмудов дагы күмүш байгени камсыздаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: