super.kg logo

Бишкекте өткөн жалпы ишембиликте 38 тонна таштанды чыгарылды

 

Бишкекте 7-августта жалпы ишембилик өтүп, анда 38 тонна таштанды чыгарылды. Шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ишембиликке жалпы 5 миң 841 жаран катышты. Алардын арасында шаар мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов дагы бар.

Маалым болгондой, таштандыларды чыгарууга 34 атайын техника тартылды.

"Бишкек жылуулук тармактары" коммуналдык ишканасынын 100дөн ашык кызматкерлери Бакаев көчөсүн жана отканаларды тазалашты. 20 мүшөк таштанды жыйналып, 20дан ашуун куб кургак жалбырактар ​​жана башка таштандылар чыгарылды. Ал эми "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Бишкек жашыл чарба" жана "Бишкексвет" менен биргеликте куруп жаткан "Ынтымак-2" сейил багынын тазалыгын камсыздашты.

Ишембиликке катышкан шаар тургундарына ыраазычылык билдиребиз", - дешет мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
08.08.2021. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ар бир жаран өзүнүн үйүнүн алдындагы жолду тазалап турса да болот да. Дарактарды суугарып, мусорун алып.
Мусор ыргыткандын колуна бир эки чаап тарбиялаш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: