super.kg logo

"Өкмөттүн гана эмес, менин да катам". Аскар Акаев "Кумтөр" боюнча кыргыз элинен кечирим сурады

 

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде өлкөгө келген. Ал 6 мүнөткө созулган видео кайрылуу жасап, анда "Кумтөр" иши боюнча кечирим сурады.

Анын айтымында, мекенинен алыс болсо да "Кумтөрдүн" айланасындагы окуяларга, өзгөчө 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин көрүлгөн чечкиндүү чараларга байкоо салып, четте тура алган эмес. Ал Кыргыз өлкөсүндө кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөнүнө карабай "Кумтөр" иши боюнча көрсөтмө берүүгө келгенин белгилейт.

Мурдагы мамлекет башчысы өлкөгө келген алгачкы күндөн тарта күн сайын суракка барып, тергөөчүлөргө көрсөтмө берип жатканын айтты. Аскар Акаев алтын камтылган долбоор боюнча документке кантип кол коюшканын да айтып берди. Ал белгилегендей, Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин президент катары алтын-валюта ресурстарынын туруктуу ишенимдүү булагы ("Кумтөр" болушу мүмкүн болгон) менен камсыз кылуу милдети болгон.

1992-жылы декабрда "Кумтөр" долбоору боюнча канадалык "Камеко" корпорациясы менен биринчи башкы келишимге кол коюлган жана бул долбоордун башталышы болгон.

"Кумтөр" боюнча башкы келишимге кол коюлгандан бери кыргыз тарап көптөгөн кызыкчылыктарга, анын ичинде канадалык тараптын кызыкчылыгындагы мыйзам бузууларга, улуттук кызыкчылыктар зыянга учурады. Бул фактылардын бири "Камеко" корпорациясынын кыргыз өкмөтү тарабынан салыктардан мыйзамсыз бошотулушу, анын ичинде 1992-жылкы башкы келишимге кол койгондо жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн, ошондой эле "Кумтөр" долбоорун башкарууну канадалык тарапка өткөрүп бергени. Натыйжада кыргыз тарап дивиденддерден тышкары республиканын бюджетине ири салыктык кирешелерсиз калды", - деди экс-президент.

Айтымында, бул өкмөттүн гана эмес, өзүнүн да кылмыш катасы деп эсептейт.амлекет башчысы катары бул менин катам. Анткени мен "Кумтөр" долбоору боюнча чечим кабыл алып, өкмөткө толук ишенип, башкы келишимге кол коюуда Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы толугу менен эске алынганына ишенгем", - деди ал.

Аскар Акаев өзүнүн негизги катасы деп 2003-жылы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо үчүн өкмөткө макулдук бергенин айтат.

"Камеко" корпорациясынын "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо сунушу изилденгенде мен президент катары өкмөткө акциялар адилеттүү бөлүштүрүлгөн учурда гана "Центерра" компаниясына кирүү милдетин койгом. Менин жеке эсептөөлөрүм боюнча, биз "Центеррадагы" 40 пайыздан кем эмес акцияга ээ болушубуз керек эле. Бирок канадалык тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өкмөт келишимге кол коюп, Кыргыз Республикасы 33,33 пайыздык үлүш менен "Центеррага" кирген. Кийинчерээк мага Кыргыз өлкөсү үчүн ыңгайлуу шарттарда реструктуризациялоонун варианттары бар экендиги туурасында өкмөттүн колунда дагы эле документтер бар экени белгилүү болгон. Мамлекет башчысы катары мен "Кумтөрдү" реструктуризациялоого макулдугумду бербешим керек болчу. Бирок ошол учурда өкмөт бул зарыл экенин белгилеп, мени ынандырды.

Урматтуу мекендештер, каталарым үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. "Кумтөр" долбоору боюнча кыргыз элинин үмүтүн актабаганы үчүн", - деп кечирим сурады.

Акаев ошол кезде өкмөткө тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу канадалык инвесторлордун кенди толук көзөмөлүнө алууга мүмкүндүк бергенин кошумчалады. Инвесторлор өздөрү үчүн чоң киреше таап, кыргыз тарапка аз дивиденддерди төлөп, экологиялык көйгөйлөрдү жаратты.

"Мунун баарын эске алып, мен тергөө менен толук кызматташам жана кызматташууну улантам. Бирок мен Кыргыз Республикасынын жараны катары жана мурунку президент катары каталарым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезем жана дагы бир жолу чын дилимден кечирим сурагым келет", - деди Аскар Акаев.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(12)
08.08.2021. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сенин айынан миллиондогон жарандарыбыз тентип кетти. Сенин ордун турмодо
08.08.2021. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргызстандын баткакка батканына 150% сенин салымың.
08.08.2021. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Муну неге камабай тайраңдатып койдуңар өлкөдө каалаган жагына бастырып!
08.08.2021. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
N-1 ууру, өлкөнү сазга батырган кылмышкер, жан жөкөрлөрүнө өлкөнү тоноткон каракчы сайрандап жүргөнү кыргыз бийлигинин кризиси.
Путиндин алдына жатып бергени.
Бабановду атайын чыгарып жиберип Путиндин буйругу менен Акаевти киргиздинер.
Акаев Путиндин путевкасы менен журот..
08.08.2021. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Түштөн кийин мынтип сүйлөсө боло берет экен да. Каар жаады из басты. Эмне унчуга албай жатышат буга, тек койгондо эл өзү эле оордуна коюп коет эле. Элдин суроолоруна жооп бере алат бекен
08.08.2021. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кечирим сураган менен буто турган ишпи?
08.08.2021. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Муну беспредел дейт Акаев профессор!!
08.08.2021. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кум-Төрдөн башка да толтура күнөөлөрү да бар
08.08.2021. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаевди алып келип камап салсаныз озунузго коп упай топтомоксуз урматтуу Садыр Нургожоевич, бирок суйлошуу жолу менен алып келип коноктоп кетиргенде эжектин тушоосу да чечилбей калды.Бул жерден Акаев эле бетин ачып алгандай болду бул дуйнодо акыйкаттык орноп калса дагы сураласыз экс президент мырза, бул жактан кутулуп кетсениз да акырет бар!
modem4999 түзөттү 2021-08-08 18:37:17
08.08.2021. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жегендерин кустуруш керек,миллиондогон акчаларды(жашылынан),тайраңдап жүрөткө,кечирим сурап койсо болдубу?пусть төлөсүн жегендерин,көрүнө алып кетеби?
08.08.2021. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечирим сурап туруп тайыверипсиңда э Аске?
08.08.2021. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашыгы менен чыгат, элдин акысын жеген оңбочу эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: