Эмгек сиңирген режиссёр Жадылбек Мидинов узакка созулган оорудан улам дүйнө салды
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссёр, Б.Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Жадылбек (Жалил) Мидинов дүйнөдөн кайтты. Ал 8-августта 65 жаш курагында узакка созулган оорудан көз жумганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Жадылбек Мидинов 1956-жылы 15-июлда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жарык дүйнөгө келген.
1973-жылы Кызыл-Жылдыз айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студиядан билим алган. Аталган студияны бүтүрүп чыгып, М.Жангазиев атындагы Республикалык куурчак театрында актёр болуп эмгек жолун баштаган.
1983-1987-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “театрдын режиссёру” адистигин аяктаган.
1990-1991-жылдары Санкт-Петербург шаарында Н.Черкасов атындагы мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунда жогорку режиссёрдук курста окуган.
Окууну аяктаган күндөн тартып, М.Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссёр болуп эмгектенип келген.
1996-1998-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында режиссёр-коюучу кызматын аткарган. 1998-жылы эксперименталдык куурчак театрларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп “Тунгуч” театрынын алдында иш алып барган.
2008-жылы кайрадан М.Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссёр болуп дайындалат. Андан соң, театрдын көркөм жетекчиси жана режиссеру, Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы театрдын режиссёру, Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси, акыркы учурда Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында көркөм жетекчилик кызматтарды аркалаган.
Ал Кыргыз улуттук "Эргүү" театр искусствосу сыйлыгынын эки жолку ээси, маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери жана башка бир нече сыйлыктардын ээси болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жадылбек Мидиновдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
surgeon777

09.08.2021. 10:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун,бейишин берсин.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.