super.kg logo

"Ош-Баткен-Исфана жолун тосуп алышкан". Камакка алынган тургундар боюнча милиция түшүндүрмө берди

 

Буга чейин Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылынын тургундары Ош-Исфана жолун жаап койгону тууралуу маалым болгон. Ал эми укук коргоо органдары тарабынан баш аламандыкты уюштурууга катышкан жарандар камакка алынганы боюнча Баткен ОИИБи түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, 3-август күнү Катраң айыл аймагына караштуу Өзгөрүш айылынын Алмалуу тоосундагы “Апрельское AZI” алтын кенин иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө айыл тургундары нааразычылыктарын билдирип, аталган ишкананын техникаларын таштап келе жаткан оор жүк ташуучу унаасын жолдон тосуп алып, техникаларды кайра алып кетүүсүн талап кылышкан.

"4-августта алтын кен иштетүүчү ишканасынын кызматкерлери алып келген техникаларын кайра кайтаруу үчүн барганда Катраң айылынын жергиликтүү тургундары аларды ур-токмокко алышкан. Натыйжада 57, 48, 56 жана 57 жаштагы тургундар денесинен жаракат алып, Лейлек аймактык ооруканасына кайрылышкан. Ошондой эле “Апрельское AZI” ишканасына таандык Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү автоунаасын талкалап, жараксыз абалга келтиришкен.

Милиция кызматкерлери коомдукту тартипти камсыздоо, ошондой эле элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган учурда жыйналган эл милиция кызматкерлерине таш ыргытышып, мыйзамсыз иш-аракеттерди уюштурушкан.

Бул жагдай Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 265-беренеси "жолдорду мыйзамсыз тосуу", 266-беренеси "ээнбаштык" жана 355-беренеси "бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогорудагы беренелердин негизинде Лейлек районунун Катраң айылынын 7 тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал эми 6-август күнү саат 06:50 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолун, тагыраак айтканда, Лейлек районунун Коргон айылындагы жолду кармалган жарандарды бошотуу талабы менен Катраң айылынын 30-40ка жакын тургундары мыйзамсыз тосуп алышкан.

Кийин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен ОИИБинин начальниги жол тоскон элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кармалган 7 жаран Сүлүктү шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы үй камагы тандап алынып, бошотулган. Азыркы күндө тергөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: