super.kg logo

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Жээнбек Кулубаев дайындалды

 

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Жээнбек Кулубаев дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 9-августта президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

Эмгек жолу:

1992-1996-жылдары Тышкы иштер министрлигинде бир катар дипломаттык кызматтарды аркалаган;

1996-1998-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африкадагы башкармалыгынын жетекчиси;

1998-2000-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчилигинде кеңешчи;

2001-2003-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африкадагы башкармалыгынын жетекчиси;

2003-2004-жылдары тышкы иштер министринин орун басары;

2004-2006-жылдары Шанхай кызматташтык уюмунун Пекин шаарындагы аткаруучу секретарынын орун басары;

2006-2007-жылдары Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору, өзгөчө тапшырмадагы элчи;

2007-2009-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси;

2009-2013-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчиси;

2010-2013-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Сингапур жана Монголиядагы элчиси ;

2013-2016-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африкадагы департаментинин директору;

2016-2018-жылдары Тышкы иштер министрлигинин 4 саясий департаментинин директору;

2018-2021-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.08.2021. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ПА сына ар күнү ар башка адам шайланып барат, бүтпөйт экенда ал ПА дагы орундар (должносттор).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: