super.kg logo

"Орус тили - расмий тил". УКМК орус тилинде жооп бергени үчүн кызды чаап жиберген жаранга эскертүү берди

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз тилин билбеген кызды чаап жиберген А.Алимбаев аттуу жаранга расмий эскертүү берди.

УКМКнын маалымат кызматынан билдиргендей, 5-августта Бишкектеги "MagicCity" балдар оюн-зоок борборунда А.Алимбаев менен борбордун кызматкери В.Углеванын ортосундагы чырдын видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда кардар мас абалында сатуучу кыздан агрессивдүү түрдө кыргыз тилинде тейлөөнү талап кылган. Ал кызды мамлекеттик тилди билбегени үчүн жемелеп, эсептегичти ал тарапка ыргытып жиберген.

"Буга байланыштуу УКМК аталган жаранга расмий эскертүү жарыялайт, анткени Конституцияга ылайык өлкөдө орус тили толук мыйзамдуу негизде иштейт: кыргыз тили - мамлекеттик тил, орус тили - расмий тил.

Теринин түсүнө, расасына, этникалык жана расалык, улуттук же диний жек көрүүчүлүккө же кастыкка карата кадыр-баркты түшүрүү Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине ылайык кылмыш катары каралып, 10 жылга чейин эркинен ажыратыла тургандыгын эскертебиз", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле ушул сыяктуу фактылар болгон учурда УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууга болот. Байланыш номерлери: 0312-62-05-85, 0312-66-04-75.

Окуянын чоо-жайы:

Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген видео тараган. Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-беренеси "Майда бейбаштык" менен катталган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында чыр салган киши 29 жаштагы А.А. аттуу жаран экени аныкталып, Октябрь РИИБине алып келинген. Көп өтпөй бул окуя боюнча Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко үн каткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(6)
09.08.2021. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындан көрө тиги Сатрбайдын небересин жазалабайсыңарбы!
09.08.2021. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу бизде закон кабыл алыш керек эле.Ар бир кыргыз жараны кыргыз тилин билуу шарт деп.Антпесе Чуй,Бишкек тарап орусча суйлоп кыргыз тилин билбей да калды.Туштукто озбекче аралаштырып суйлогондорду "[moderated]"-деп жаман коруп,алакандай кыргыз эли болунуп,бири бирин жаман коруп тытышып эле жатып калышат.
09.08.2021. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ташиевдин "колхоз" денгээли. Озу орусча кыйратпайт. Анан орусча билген адам болуп корунгусу келет. Рамзан "дон, дон" десе, Камчы, "так, таак" деп мукактанып суйлойт. Балким илгери колхоздо эшек, тайларды колго уйротуп иштесе керек да.

Кандай болгондо да олкодогу ар бир кыргыз жараны, озуно мамлекеттик тилге кызмат корсотулушун талап кылуу укугуна ээ! Мамлекеттик тил расмий тил статусунан жогору турат! Ушуну Ташиев "колхозго" айтып койгула!
Antiradikal3 түзөттү 2021-08-09 15:55:01
09.08.2021. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Antiradikal3, тууганым сенин айтканың да туура, бирок! Биз орустун кол астында саясат жүргүзгөн элбиз. Биз эгемендүү өлкө эмеспиз!
09.08.2021. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Antiradikal3,Ташиев "колхозго" айткыдай сен кимсин, ар бир адам өз оордун билсе. Сынчынын сыңар өтүгү майрык. Качан болсо сындап жазасын, деги сенде түз ой болобу, же баары тен колхоз бир эле сен башкача, всёзнайкасынбы
10.08.2021. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira..., Бийликти сындаймбы же жокпу, сенин ишин канча ыя, даканса?! Бийликти кош колдоп кошомат кылып жугунду тилеп отурганынбы сенин кыйратканын ыя, даканса?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: