"Учурда ичегилерим жармашып, башка органдарыма тоскоолдук жаратууда". Айпери Автандил кызы кайрымдуу калктан жардам сурайт




SUPER.KG порталына Айпери Автандил кызы кайрылып, чет мамлекетте жасала турган операциясына каражат жетпей жатканын айтып, кайрымдуу элден жардам сурады.
Айпери Автандил кызына Кыргыз өлкөсүндө бир нече жолу операция жасалып, бирок жардам бере алган эмес. Азыркы учурда Айперинин ден соолугу начарлап, Түркияда операция жасоого туура келүүдө. Ага чоң суммадагы каражат кеткендиктен Айперинин туугандарынын шарты жок, кайрымдуу калктан көмөк сурайт.
"Буга чейин мага 7 жолу операция жасалган. Курсак көңдөйүнүн спайкасы, 2 жабышчаак ичеги тоскоолдуктары (Спаечная болезнь брюшной полости, 2 спаечная кишечная непроходимость) менен жабыркап келем.
Акыркы эки жылдан бери дарыланып, операция жасатып келем. Тилекке каршы, өлкөбүздө мындай операцияны жасоо мүмкүнчүлүгү жок экен. Себеби ар кимдин организми ар кандай болуп, кээ бир учурда бейтаптар операцияны көтөрө албай калышы мүмкүн экен. Чет өлкөгө, анын ичинде Түркияга барып операция жасатуу сунушталды. Анткени бул жактан дарыгерлер колунан келген аракет кылышты. Бирок ачык түрүндө операция жасоо болбойт дешти. Түркияга керектүү документтерди бердик.
Учурда ичке ичегилерим жармашып, башка органдарыма тоскоолдук алып келип жатат.
Операциянын суммасы чоң болгондуктан бизге кыйын болуп жатат. Өзүм 2-топтогу майыпмын. Эч жерде иштебейм. Апам жана эжем экөө карап келет. Болгон аракетибизди кылып жатабыз, бирок каражат таба албай жатабыз.
Бизге 26 миң доллардай керек экен. Бирок учурда миң доллардай чогулду", - деп билдирди Автандил кызы.
Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү реквизиттер аркылуу көмөк көрсөтө алышат.
Optima Bank 4169585349502830
KICB Bank элкарт 9417019943810729
Сбер visa 4177490157072598 (AIPERI AVTANDIL KYZY деп чыгат)
ЭЛСОМ 0500110711
О деньги 0500110711
MBank 0500110711

