"Социал-демократтар" фракциясынын депутаты катышкан мушташ: Шектүү үй камагына чыкты
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев менен мушташа кетип кармалган Бишкек шаардык кеңешинин "Социал-демократтар" фракциясынын депутаты Таалай Темиркулов үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган депутаттын баш коргоо чарасы кечээ, 8-августта Ленин райондук сотунда каралган. Анда Темиркулов эки айга, тагыраагы, 7-августка чейин үй камагына чыгарылган.
Эске салсак, 7-августта милицияга Ак-Ордо конушундагы турак үйлөрдүн биринде А.К. аттуу жарандын бутуна ок тийгени тууралуу билдирүү келип түшкөн. Натыйжада жабырлануучу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген.
Жабырлануучунун жубайынын айтымында, жолдошу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты телефон аркылуу уруша кетишкен. Көп өтпөй эле депутат Т.Т. ак түстөгү унаасы менен А.К.нын үйүнө келген. 10 мүнөттөн кийин ок атылган үндү угуп, сыртка чуркап чыкканда жолдошу жаракат алган абалда жерде жатканын көргөн. Бул арада Т.Т. унаасына отуруп, жогорку ылдамдыкта белгисиз тарапка кетип калган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси ("ээнбаштык") менен катталган. Көп өтпөй аталган депутат кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Байкуш бир бечара ушундай кылганда үй камагы эмес, түз эле камалат эле.