super.kg logo

Өлкөдө жаныбарларды коргоо фонддору жалаа жабуулардан улам ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болушкандыгын жарыялашты

 

Бишкектеги жаныбарларды коргоо боюнча уюмдар өз ишмердүүлүгүн токтотушкандыгын жарыялашты. Бул тууралуу "Боорукер колдор" фондунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган.

"Straydogs_kg" лакап аты менен жашырынып жүргөн бир адамдын тынымсыз кол салуулары, жалаа жабуулары, кемсинтүүлөрү жана кадыр-баркка шек келтирүүлөрү менен байланыштуу "Боорукер колдор", "Кайнар" фонду жана "Зоозащита.Бишкек" тобу өз ишмердүүлүгүн жана үйсүз жаныбарларга жардам берүүнү токтоткондугун жарыялайбыз.

Биз бул кишинин расмий жана эл алдында кечирим суроосун күтүп, өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү токтотуп турабыз. Мындан ары биз ар намыс жана кадыр-баркка шек келтирген коомдук мазактоо жана жалаа жабуу үчүн (ЖМКда жана социалдык тармактарда) жооп беребиз. Бизде жактоочу бар, жетиштүү материалдар топтолгон", - деп жазылган баракчада.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: