super.kg logo

"Талкаланган жолдун абалына жеке өзүм күбө болдум". Улукбек Марипов Ысык-Көлдө Ауди үлгүсүндөгү унаага түшкөнү боюнча түшүндүрмө берди

 
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көлдөгү сапарында Ауди үлгүсүндөгү унаага түшкөнү боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Жакында Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барып, инфраструктуралык жана өнөр жай объектилеринин абалы менен таанышып, бир катар райондордогу сел жүрүү кесепетин жоюу иштери кандай жүрүп жаткандыгын көрүп келдим.
Аймактык иш сапарларга барганда мен ар дайым айылдарды аралап жай кыдырып, эл менен жакындан сүйлөшүп келем. Иш сапарга чыгуунун алдында мен жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды уюштурууну сөзсүз тапшырам, анткени болуп жаткан көйгөйлөрдү жеринде угуу мен үчүн өтө маанилүү деп эсептейм.
Тасма айылынын тургундары менен болгон жолугушууда тургундардын сунушу менен Ауди үлгүсүндөгү унаага түшүп, айылдагы талкаланган жолдун абалына жеке өзүм күбө болдум.
Келерки жылы жол куруу жана реконструкциялоо боюнча иштердин тиешелүү тизмесине жолдун ушул кесиндисин киргизүү маселеси каралат. Албетте, жол көйгөйү ар бир облуста бар, алар финансылык мүмкүнчүлүккө жараша оңдолуп турмакчы.
Тасма айылынын жашоочуларына кайдыгер карабагандыктары үчүн ыраазычылык билдирем. Ал эми жергиликтүү бийлик органдары иштеги кетирген каталыктарын тезинен жоюунун үстүндө иш алып барышат", - деп жазылат билдирүүдө.
Социалдык тармакта министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында эски автоунаага түшүп кетип жатканы талкуу жараткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
09.08.2021. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш-Көмүрдөн Чаткалга чейин ауди100 менен барыш керек экен да жеке күбө болуш үчүн.
09.08.2021. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кара-Кол шаарына арка куруунун кереги жок. Жолдорду зымыратып салыш керек.
09.08.2021. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озундун туулуп оскон ноокатына кубо качан болосун,жолдун тамтыгы чыгып жатат. Ушуларга тан каласын эми кубо болгонуна асмандан тушуп калгандай.
09.08.2021. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизинен ушул райондогу жолдорубуз озубуздун эле район,айыл окмоту чече турган маселе,эч кимиси кыймылдабай,только жешет,арам тамактар,ар бир айылдын озунун бюджетинен деле жылда бирден иш бутурсо,кыйла иш бутмок.Ортодон эле ошондой жегичтер жеп алып,баарыбыз президентти эле куноолоп отурабыз
10.08.2021. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aky12, ортодо жегичтер жеп жатса, бийликтин, президенттин куноосубу же кандай? Коррупция менен курош шоу-спектакль болуп жатса. Миллиарддарды уурдагандар 1-2 ай отпой бошотулуп жатса. Жакшы экен да, бир миллиард уурдасан, жарымын мамлекетке же Ташиев менен Жараровдун чонтогуно кайтарып коюп азатсын. Уурдалган миллиарддын жарымы озундо калат. Баракелде.

Бир миллиарддан ашуун калкы бар Кытайда коррупция бизчелик эмес. Анткени бийлик тартипти козомолдойт. А бизде бардакизм!
09.08.2021. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай боюрса баары жакшы болот. Кыйынчылыктын артынан сөзсүз жеңилчилик, жыргалчылык келет. Жолдор оңолот, элибиздин жашоосу оңолот. Кыргыз элим жакшы пейилибизден жазбайлы, дайыма позитивдүү болгонду уланта берели. Кудай жакшы мүнөзгө жараша ийгиликтерди буюрат.
10.08.2021. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Буюрса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: