super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Сузакта сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси табылды, ал көпүрөгө кыпчылып калган" дейт жергиликтүү тургун

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун билдирди.

Анын айтымында, издөө иштерине айыл тургундарынан болжол менен 50-60 адам тартылган.

"Сууга чөгүп кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси көпүрөнүн алдына кысылып туруп калган", - деп билдирди тургун.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2006-жылы туулган өспүрүм сууга агып кеткени кабарланган. Окуя кечээ, 8-август күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Барпы айыл өкмөтүнүн Комсомол айылын аралап өткөн Кемпир-Абад каналында болгон.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: