super.kg logo

Беловодское айылындагы №16 колонияда соттолгон адамга карата ырайымсыз мамиле кылуу фактысы аныкталды

 

Чүйдүн Беловодское айылындагы №16 колонияда соттолгон адамга карата ырайымсыз мамиле кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган мекеменин башчысы Бакыт Рысбеков жана алдын ала баруулар бөлүмүнүн башчысы Бакыт Касымкулов №16 колонияга барышкан.

"Иш сапардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 281-беренеге ылайык айыпталып, 9 жылга эркинен ажыратылган Р.у.С. өз арызын жазды. Билдирүүдө ал 2021-жылдын 5-августунда уктап калгандыктан, эртең мененки текшерүүгө бир аз кечигип калганын айткан. Андан кийин 5-6 күзөтчү аны күчкө салып, штрафтык камерага сүйрөп кирип, сабай башташкан: буттары менен башына тээп, муштуму менен сабашкан", - деп жазылат билдирүүдө.

Кармалган адамды кара ниет мыйзам бузуучу катары тариздеп, 1 айга чейин штрафтык камерада кармашкан. Мындай кордукка каршылык көргөзүп, ал көкүрөгүн кесип салган. Ал киши учурда айыптууларды жоопко тартууну суранып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.08.2021. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сукалар өзү темир тордо жатса анан дагы аны кыйнаганынар эмнеси
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: