Эми коопсуз шаар долбоорунда төлөнбөй жүргөн айып пулдарды 70 пайыз арзандатуу менен төлөсө болот
Жол кыймылынын айрым эрежелерин бузгандыгы үчүн айыпты 70 пайызга азайтуу боюнча мыйзам президенттин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып 4-августта күчүнө кирген. Бирок эмне себептен айып пулдарды электрондук тиркемелер аркылуу 70 пайыздык арзандатуу менен төлөө азырынча мүмкүн болбой жаткандыгын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан түшүндүрмө беришти.
"Азыркы учурда биз электрондук тиркеме аркылуу айып пулдарды төлөөнү иретке келтирип жатабыз. 2-3 күндө электрондук айып пулдарды көзөмөлдөө тиркемелери аркылуу жарандарыбыз айып пулдарын төлөсө болот. Ошондой эле кошумчалай кетсек, 2019-жылдан бери коопсуз шаар долбооруна кирген айып пулдардын туумдары жокко чыгарылып, 70 пайыздык арзандатуу менен төлөөгө мүмкүнчүлүк пайда болот", - дешти аталган мекемеден.
Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон.
Аталган мыйзам жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, автотранспортту жана электромобилдерди эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы анча чоң эмес укук бузуулар үчүн айыптарды азайтууга, ошондой эле жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, жүк жүктөөчү унаа башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү же 1-категориядагы айып пул түрүндөгү жазанын альтернативдүү түрүн белгилөөгө багытталган.



1 |