Бишкектин мэрлигине талапкерлигин көрсөтүү үчүн азырынча эч кимдин документи тапшырыла элек
Бишкектин мэрлигине талапкерлигин көрсөтүү үчүн азырынча эч кимдин документи тапшырыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов тастыктады.
Кечээ, 9-августта Бишкектин мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтер кабыл алына баштаган. Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 26-августка дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт. Мыйзамдарга ылайык шаар мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана министрлер кабинетинин төрагасы укуктуу.
Каттоо үчүн Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект 20-августтан кечиктирбестен саат 18:00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына документтерди кабыл алышы керек.



1 |