Орус тилинде жооп бергени үчүн шапалак жеген окуя: Орусиянын мамлекеттик Думасынын төрагасы реакция кылды
Орусия Федерациясынын мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин орус тилинде жооп бергени үчүн кызды чаап жиберген окуяга реакция кылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка караганда, алар Думанын жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн Жокорку Кеңешинин төрагасына бул окуяны жеке көзөмөлгө алуу тууралуу кайрылуу жолдоону чечишкен. Анда сатуучу кыз орус тилинде сүйлөгөнү үчүн чаап жиберген окуя боюнча тийиштүү комитетке тиешелүү тапшырма берүү керектиги айтылат.
"Кыргыз өлкөсүндө орус тили расмий статусту алып жүрөрү мыйзамда айтылат, буга карабастан ал жакта мындай учур биринчи жолу кездешкен жок. Биздин депутаттар аларга карата чара көрүү иштерин сунуштап жатышат, мисалы, орус тилдүү жарандарга мындай мамиле жасагандар Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынат", - деп жазган ал.
Окуянын чоо-жайы:
Бишкекте балдар паркында сатуучу кызды калькулятор менен башка чаап жиберген видео тараган. Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган.


Кыргызстан Россиядан газды, бензинди дүйнө баасынан кымбат алат.Россия Кыргызстандын Туркменистан аркылуу арзан бензин,газ алганына каршы.Өзү монополия боюнча калгысы бар.Ойлору жаман алардын бизге. Кыргызстандык орустар биздин жарандар.Ички иштерибизге мурдуларын тыкпашы керек.Россияда керек болсо кыргыздар өлүп кеткен учурлар болот такырбаштардан.
Көз жуумп о
Бул эркек баланын жасаган кадамы туура эмес, кыз кишиге кол көтөргөнүн эч ким колдобойт.
Бизде бийликте лохтор отурат. Эгер ушул окуя Казахстан же Озбекистанда болсо алардын лидерлери орустарды ордуна коюп коймок...
Россияга биз ошончо эле коз каранды эмеспиз. Россия жок да кун отот, отуп да келген. Тарыхынды билбейсин, манкурт!