Таңга маал жанын кыюуну көздөгөн кыздын куткарылган учуру видеодо
Ош шаарында милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калышканы маалымдалган. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматынан билдиришти. Көп өтпөй куткаруу учурундагы видео жарыяланды.
Маалыматка караганда, 9-августка караган түнү саат 04:10 чамасында "102" кызматына көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан бир кыз секирүүгө аракет кылып жатат деген билдирүү келип түшкөн.
"Кызматкерлер барган учурда кыз терезенин кырына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан. Алар 5-кабатка чыгып, кыздын жашаган үйүнүн эшигин бузуп кирип куткарып калышкан. Окуяны териштирүү үчүн кызды Ош ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Азырынча ал кыздын эмне себептен мындай жолго баргандыгы белгисиз", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.







1 |