super.kg logo

Депутат Умбеталы Кыдыралиев "Кыргыз алтындын" төрагасы болуп дайындалды (өмүр баяны)

 

Депутат Умбеталы Кыдыралиев "Кыргыз алтын" ишканасынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына тастыктады.

"Бул кызматка бүгүн дайындалдым. Ишке киришип, учурда чогулуш өткөрүп жатам", - деди ал. Буга чейин бул кызматты Маратбек Чолпонкулов жетектеп келген.

Кыдыралиев "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп келген.

Ал 1967-жылдын 16-августунда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Таш-Көмүр шаарында туулган.

1990-жылы Луцк мамлекеттик университетин, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “юриспруденция” адистиги боюнча, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы “Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1991-жылы “Капитал” коммерциялык уюмунун директору болуп иштөө менен баштаган.

1996-жылы - “Бишкек-Тамекиси” АКунын башкармалыгынын төрагасынын орун басары;

1998-2004-жылдары - “Капитал-Контракт” ЖЧКнын башкы директору;

2000-жылы - Кыргыз Республикасынын Улуттук Бокс Федерациясынын президенти;

2004-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын курамаларын олимпиадалык даярдоо борборунун директору;

2005-жылы - Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

2005-2006-жылдары - өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары;

2004-жылы - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

2006-2010-жылдары - Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын башкы консулу;

2011-2012-жылдары - өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;

2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
10.08.2021. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Спорт жагында эмгектениптир, адистиги туура келеби?
talas0707 түзөттү 2021-08-10 13:06:47
10.08.2021. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качан бир карапайым элдин баласы ишке кирет жонокой иштеген адам эч которулбойт экенда.Мунун иш баштаганда эле директордон баштаптыр менин ойумча бул дагы бир алигарх же чондун баласы болгонда!Кембагал адамдын баласы качан мындай жерге барбай калдыго.
10.08.2021. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол тармак боюнча профессионал адис жокпу?
10.08.2021. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш-Комур шаары Аксы районуна карайт деп ким айтты,шаар дагы районго карайбы областка эле карайт эч кандай Аксыга карабайт.
10.08.2021. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyz_bloger, Аксыга карайт. Обласка эмес.
11.08.2021. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal5,Адашып алдын тууганым.Ташкомур Аксыга карабайт,прямой областка карайт.Каракөл шаары дагы областка карайт.Шамалды сай ПГТ Ташкомурго карайт.
11.08.2021. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz_bloger,туура,Ташкомур шаары Аксыга карабайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: