super.kg logo

Быйыл буудайдын түшүмү жылдагыдан аз. Статкомдун статистикасы

 

Кургакчылык жана сугат суусунун жетишсиздиги негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн бир кыйла азайышына алып келди. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин статистикасында көрсөтүлөт.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230,7 миң гектар аянттан жыйналды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайызга аз жана 285 миң тоннага жакын же 52 пайызга аз дан бастырылды.

Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суусунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы - 41,4 пайызга, арпа - 57,9 пайызга, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 31,2 пайызга, картошка - 6,3 пайызга жана бакча өсүмдүктөрү - 3,5 пайызга кыскарды.

Муну менен катар өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу жашылчалардын дүң жыйымынын (8,2 пайыз) олуттуу өскөнү белгиленди.

Ушул жылдын 23-июлуна карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тийиштүү күнүнө карата

2020

2021

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү , күрүч жана гречканы кошпогондо), миң гектар

238,5

230,7

- 7,8

96,7

Бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң тонна

596,2

284,8

- 311,4

47,8

1 гектардан, ц

25,0

12,3

- 12,7

49,2

Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң тонна

321,9

169,3

- 152,6

52,6

Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң тонна

273,5

115,1

- 158,3

42,1

Казылган картошка аянты, миң гектар

9,2

8,5

- 0,7

92,9

Жыйналган картошка, миң тонна

144,0

134,9

- 9,1

93,7

Жыйналган жашылча өсүмдүктөрү, миң тонна

259,1

280,3

21,2

108,2

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү, миң тонна

108,7

105,0

- 3,7

96,5

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү миң тонна

58,7

40,4

- 18,3

68,8






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.08.2021. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ун кымбат болот охшойт еми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: