super.kg logo

"Баасы 1 жарым миллион рубль". 60 бодо малды мыйзамсыз алып кирип келе жаткандар кармалды

 

Кыргыз-казак чек арасынан Кыргыз өлкөсүнө 60 баш бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документтери жок үч жүк ташуучу унаа кармалган. Анда 150 миң рубль турган 20 даана авто дөңгөлөк жана суммасы 1 миллион 500 миң рубль турган 60 баш ири мүйүздүү мал болгон.

"Мындан сырткары 6 тонна коон жүктөлгөн 2 жүк ташуучу автоунаа кармалган. Текшерүү учурунда импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынан маалымкаты жок болуп чыкты. Кармалган жүктөр мыйзамга ылайык андан аркы чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

Салык кызматынан 2021-жылдын жети айында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден мыйзамсыз товар ташылып келинген 1083 учур катталганын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.08.2021. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаныбарларды андай кордоо жакшы эмес, буттарынан асып жүктөшүптүр го.
10.08.2021. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Казакстанда мал өлүп атат, эми карапайым элге жөн эле койсоңор болмок көрмөксөн болуп. Малды ал жактан арзан алышты да кичине болсо жардам болот эле өткөрүп койсоңор. Бир чимкириктики болгондо унчукпай өткөрсөңөр керек эле.
10.08.2021. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малды бутунан байлап асып койгонун кандай түшүнсө болот эми?
Эки колун оозуна салып, кошумча буттарын кошо тыгып алыптыр. Ачкөзчүлүктүн да деңгээли болот.
10.08.2021. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Rifle_I, Иллюстрация деп турат,астында. Уруп согуп эле кете беребиз да атаңкору )))
11.08.2021. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо эмне Кыргызстанда дагы рубль менен суйлоп калабызбы сомго эсептеш жазыш кыйынбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: