Бак-дарактарга зыян келтирген. Калаада менчик мектептин ээсине айып пул салынды
Бишкекте менчик мектептин ээсине бак-дарактарга зыян келтиргендиги үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, "American School" мектеби жол боюнда өскөн дарактарга зыян келтиргендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.
"Инспекторлор иштин чоо-жайын билүү үчүн аталган жерге барып, эреже бузуу фактысы тастыктады. Жеринде менчик мектептин ээсине карата "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 120-беренесине ылайык протокол түзүлүп, ага 3 миң сомго айып салынды.
Ал эми "Электросила" компаниясы, кафелердин бири жана шаар тургуну таштандыларды туура эмес жерге ыргытып, тазалыкты сактабагандыгы үчүн 70-берене боюнча жеке жактарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом эсебинде айып тартышат.
Тазалыкты сактабагандардын катарын калаадагы компаниялардын бири дагы толуктады. Алар көчөгө өндүрүш калдыктарын ыргытканы үчүн 71-берененин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом айыпка жазаланышты", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Автор: Айжанар Рыспек кызыФото: Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.