super.kg logo

Бразилия менен Кыргыз өлкөсү саламаттыкты сактоодо жана спортто тыгыз иштешип баштайт

 

Бүгүн, 10-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Нур-Султанда Бразилиянын Кыргыз өлкөсүнө жаңы дайындалган элчиси Антонио Корреа Барбоса ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев Бразилия Кыргыз өлкөсүнүн Латын Америкасындагы маанилүү өнөктөшү экенин белгилеген. Алар өз ара кызыкчылыкты туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташып, кайра иштетүү өнөр жайы менен айыл чарбасында, ошондой эле саламаттыкты сактоодо жана спортто кызматташуунун келечеги өзгөчө белгиленген.

Тараптар ошондой эле өлкөлөрдүн ортосундагы саясий диалогду активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирип, ал үчүн өз ара сапарларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Министр Руслан Казакбаев Бразилиянын тышкы иштер министри К.А.Франсты Кыргыз өлкөсүнө келүүгө чакырды.

Алар көп тараптуу платформаларда тыгыз кызматташууга, анын ичинде эл аралык уюмдардын шайлануучу органдарына өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

"Эки тараптуу укуктук базаны кеңейтүү максатында элчи Барбозага тийиштүү сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн айыл чарба, инвестицияларды коргоо, туризм жана спорт жаатында эки өлкөнүн ортосундагы негизги келишимдердин жана кызматташтык меморандумдардын долбоорлору келип түштү. Тараптар 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын боло турган жыйынынын алкагында жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын долбоорлорун мүмкүн болушунча тезирээк кароо ниетин билдиришти", - деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз өлкөсү менен Бразилиянын ортосундагы мамилелер өнүгүүнүн жаңы сапаттык деңгээлине көтөрүлөрүнө ишеним артышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: