super.kg logo

Айкелчи Тамила Маматованын "Таң" аттуу эмгеги Орусиядагы этно-сейил бакка коюлат

 

Сүрөтчү, айкелчи Тамила Маматова Орусияда өткөн "Мрамор милясы" аттуу эл аралык фестивалга катышып келди. Бул тууралуу айкелчи Тамила Маматовага байланышканыбызда билдирди.

Анын айтымына караганда, "Таң" аттуу эмгеги Орусиянын Свердлов облусундагы этно-сейил бакка коюлат.

"Мен катышып келген фестиваль былтыркы жылы болмок, тилекке каршы, пандемиянын айынан быйыл өттү. Аталган фестивалга мени "Роза Отумбаеванын демилгеси" коомдук фонду сунуштап көрсөткөн экен. Ага үч мамлекет, атап айтканда Сербия, Беларусь жана Кыргыз өлкөсү катышты.

"Таң" аттуу эмгегим 2016-жылы гипстен жасалган. Окуу жайда студенттер арасында сынакта күмүш медалга татыган. Аталган эмгегим 2 жуманын ичинде мрамордон жасалды. Эмгекте кыргыз темасы чагылдырылган", - деп билдирди Маматова.

"Мрамор милясы" аттуу эл аралык фестивалы быйыл төртүнчү жолу өтүп жатат. Буга чейин Япония, Армения, Израиль катышкан.

SUPER.KG порталы айкелчи Тамила Маматовадан алган маекти шилтеме менен кирип окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: