super.kg logo

Бишкекте бир аптада 117 чет өлкөлүк унаа жол эрежесин бузган

 

Бишкек шаарында бир апта ичинде жол эрежесин бузган 117 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-июлдан 6-августка чейинки аралыкта каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү унааларга карата текшерүү жүргүзүлгөн.

"Натыйжада жол эрежесин бузган 117 чет өлкөлүк автоунаанын ичинен Орусияга таандык — 33, Арменияныкы — 11, Абхазияныкы — 7, Казакстандыкы — 1, төрт жана башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар катталган. Аныкталган унааларга тиешелүү протоколдор толтурулуп, ар кандай багытта эреже бузган төрт унаа айып короосуна киргизилди", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: