"Жириновский кайра кызматташуу маанилүү экенин белгилеп...". Орусиядагы элчи Владимир Жириновский менен жолукту



Бүгүн, 10-августта Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат орусиялык саясатчы Владимир Жириновский менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакында балдар оюн-зоок борборундагы окуяга байланыштуу өлкөдө болгон кырдаалга көңүл бурушкан. Элчи мындай көрүнүштөр жана провокациялар кайсы өлкөдө болбосун кезигерин, бул учур күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын, бул маселе боюнча өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү иштерди аткарып жаткандыгын белгилеген.
Тараптар мындай кырдаалды эки тараптуу мамилелерди туруксуздаштырууга кызыкдар адамдар колдонушу мүмкүн экенине макул болушту. Демек, мындай окуялар өз ара мамиленин начарлашына негиз боло албайт деген пикирлерин билдиришти.
Муну менен бирге элчи Кыргыз өлкөсү ар дайым Орусия менен эки тараптуу мамилелерди бардык багытта өнүктүрүүнү жактай турганын белгилеген. Теманы улантып, Гүлнара Клара-Самат ушул жылдын 19-августунда Чолпон-Атада «ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» аттуу III кыргыз-орус бизнес форумун өткөрүү пландалып жатканын билдирген.
"Өз кезегинде Мамлекеттик Думанын депутаты алдыдагы бизнес-форумга катышууга кызыкдар экенин билдирди жана жолугушууга катышкан ЛДПРдин өкүлдөрүнө өлкөнүн экспорттук өнүгүү потенциалы менен таанышуу жана Кыргыз өлкөсүнүн туризм, мал чарбасы жана агрардык сектор чөйрөсүндөгү бизнес коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө барып келүү сунушун киргизди.
Ошондой эле Жириновский Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүү үчүн Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайра баштоону сунуштады.
Мамлекеттик Думанын депутаты өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү керектигин белгилеп, Кыргыз өлкөсү орусиялык туристтердин санын көбөйтүү үчүн Орусиянын шаарларынан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачуу маселесин иштеп чыгууну сунуштады.
Жолугушуунун аягында тараптар өлкөлөр ортосундагы учурдагы эки тараптуу мамилелер өзгөчө достук жана стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгилешти", - деп жазылат билдирүүдө.
Бүгүн, 10-августта Владимир Жириновский Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин алдына митингге чыккан.


Ит ыргытылган сөөктүн жоондугуна карап үрөт болуптур да))
Россиядагы мигранттар, бул элчи катын мурдагы элчилерден айырмаланып, иштеп атканы билинип атабы деги?!
Жапаров муну элчи кылганда айтканмын, Жапаровдун кадр саясаты абдан "корогочтуу" экен. Бир чимкирикти элчи кылып дайындоо менен мигранттарга болгон мамилесин корсотту. Ошону дакансалар кеч тушунот деп.......