super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Сокулуктун борбордук базарына кире албайсың. Бардыгы башаламан" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Сокулук районунун тургуну кайрылды. Анда ал райондогу тазалык көйгөйү боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

"Биздин көйгөй Сокулук районунун борбордук базарында чоң темир ящиктеги таштанды төгүлгөнүн эч көрбөйм. Дайыма толуп, сасып турат. Анын жыты 50 метрге чейин жыттанып турат. Сасып аккан суусу трассага чейин жетет.

Базарга кире албайсың. Бардыгы башаламан", - деп кайрылды окурман.

Ошондой эле райондук акимчиликтин ишине нааразы экендигин кошумчалап өттү.

"Тазалык" кызматы дагы иштегенин көрбөйсүң" деди жергиликтүү тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: