super.kg logo

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов ишкерлерди бир катар долбоорлорду чогуу аткарууга чакырды

 

Бүгүн, 11-августта Ош шаарында Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиковдун Ош шаарынын жана Ош облусунун бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов дагы катышып, ишкерлерди шаардагы бир катар келечектүү долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга үндөдү.

"Менин социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бир катар сунуштарым бар. Биринчиден, бул ипотекалык турак жай, жаш ишкерлердин стартаптарын колдоо. Ош шаарындагы курч көйгөй - коомдук транспортту модернизациялоо. Мен бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн бул багытта кызматташууга чакырам. Биз сиздерге шаарды айланып өтүүчү даяр маршруттарды берүүгө даярбыз, газ жабдуулары боюнча автобустарды киргизүүнү кароого даярбыз. Биз биргеликте шаар калкына сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча долбоорду ишке ашыра алмакпыз", - деген Мамбетов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: