ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Түркия Республикасынын аскердик атташеси менен жолугушту



ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Түркия Республикасынын аскердик атташеси менен жолугушту. Бул тууралуу Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-август күнү ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов менен Түркия Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин аскер атташеси Эртан Онал менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында тараптар аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик кадрларды даярдоо боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүү, аскер кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча маселелерди талкуулашты.
Жолугушуунун кезегинде аскер атташе ички аскерлеринин колбашчысына жылуу тосуп алуусуна ыраазычылыгын билдирип, эки өлкөнүн аскердик кызматташуулары мындан ары дагы бекемделе берерин белгилеп өттү.

