Өлкөнүн кайсы аймактарында жаан жаайт? 12-августка карата аба ырайы
Эртең, 12-августта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +29…+34;
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +28…+33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +25…+30;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +25…+27 градуска чейин жогорулайт.

