super.kg logo

"Өспүрүмдөр катышкан 9 кырсык катталган". Ысык-Көлдө сууга чөгүп кетүүнүн алдын алуу иш-чаралары өтүүдө

 

Ысык-Көлдө өспүрүмдөрдүн сууда ата-энелеринин кароосуз жүрүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, облустук милицияда сууда өспүрүмдөрдүн катышуусу менен орун алган кырсык окуялары жөнүндө маалыматтар катталууда. Себептери көп: сууда жүрүүнүн эрежелеринин сакталбастыгы, коопсуздук чараларынын талаптарына көӊүл коштук мамиле кылуу, кенебестик, ата-энелеринин жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү.

"Мындан улам милиция кызматкерлери аймакта өспүрүмдөрдүн катышуусунда орун алган ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө. Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери сууда жүрүүнүн эрежелерин, коопсуздук чараларынын жана көлдө, сууда, каналдардагы кырсыктардын алдын алуу талаптарын эскертишүүдө. Ошондой эле ата-энелерге балдарына өзгөчө сак болушун, аларды көзөмөлсүз калтырбоону жана атайын уюштурулбаган жерлерде сууга түшүүгө жол бербөөнү эскертишти", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда өспүрүмдөрдүн катышуусу менен сууда орун алган кырсыктардын 9 учуру катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: