super.kg logo

Жети-Өгүздө милиция кызматкерлери айылдарды кыдырып, арыз-даттанууларды кабыл алып жатышат

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда милиция кызматкерлери селден жабыр тарткан айылдарды кыдырууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, РИИБдин кызматкерлери селдин натыйжасында жабыр тарткан алыскы айылдардын тургундары менен бир катар жолугушууларды уюштурушууда. Райондук милициянын жетекчилиги, прокуратура жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте күн сайын милициянын көчмө кабылдамасы менен айылдарга чыгышып, жергиликтүү тургундарга ар тараптуу жардамдарды көрсөтүшүүдө.

"Бул сапар алар Чоӊ-Кызыл-Суу айылында болушту. Жеринде милиция кызматкерлери иш кагаздарды толтуруу боюнча жардам көрсөтүп, айыл тургундарынан арыз жана даттанууларды кабыл алышууда. Юридикалык сабаттуулук боюнча баарлашууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө өздөрүн жана мүлктөрүнүн коопсуздугун кандай уюштуруу керектигин кеӊири айтып беришүүдө.

Андан тышкары жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик бийлик органдары тарабынан кандай кечиктирилгис аракеттер көрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат беришүүдө. Жолугушуунун жүрүшүндө көпчүлүк жарандар табигый кырсыктан улам зыянга учураган үйлөрдү калыбына келтирүү жана аны баалоо боюнча комиссиянын ишинин жүрүшүнө кызыгышты.

Ошондой эле социалдык багытта, анын ичинде сел жүргөн айылдардын жеринде паспортторду алмаштыруу иштерин уюштуруу боюнча маселелерди ортого салышты. Өз учурунда милиция кызматкерлери ар бир арыз жана даттанууларды кабыл алышып, аларды тийиштүү мамлекеттик органдарына чара көрүү үчүн жолдошту.

Андан тышкары жакынкы арада жабыр тарткан калктуу конуштарга Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен бирге келерин жана паспортторду алмаштыруу боюнча иш-чараларды түздөн-түз жашаган жеринде уюштурарын белгилеп кетишти", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: