super.kg logo

Парламенттин басма сөз кызматына барган ырчы, телеалпаруучу Миргүл Эшбаева: "Бош орунга сынак аркылуу келдим"

 

Ырчы, теле алып баруучу Миргүл Эшбаева Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында аны менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Айтымында, кызмат ордуна журналисттик тажрыйбасынын аркасында келген.

"Айрым маалымат каражаттары мен жөнүндө маалыматтарды туура эмес нукка буруп жаткандыктан тактык киргизип, төгүндөө катын жолдоону туура көрдүм.

Мен жаңы дайындалган жумуш ордума журналисттик кесибимдин аркасы менен келдим, ырчылык аркылуу эмес. Ооба, ырчылык талантым бар. Бирок ал кесип эмес - өнөр. Журналистикада 13 жылдан ашуун тажрыйбам бар экенин баса белгилейм.

Мен 2003-2005-жылдары жылы Барпы Алыкулов атындагы Маданият техникумунда окуп, биринчи дипломумду алгам. Ал эми 2012-2015-жылдары ЖАМУнун журналистика факультетинин журналистика бөлүмүндө 4-курска чейин окуп, журналистика факультети жоюлуп кеткенине байланыштуу окууну Кыргыз тили жана филологиясы факультетине которгом. Натыйжада кыргыз тил жана адабияты боюнча жогорку билимдүүлүк дипломуна ээ болдум.

Ошондой эле мамлекеттик мекемедеги эмгек жолумду 2006-2007-жылы Жалал-Абад облустук Маданият башкармалыгында жетектөөчү адис кызматын аркалоо менен баштагам.

2007-жылдан тарта Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясында программалардын алып баруучусу, коммерциялык дирекциянын башчысы болуп 2012-жылга чейин иштедим. Ал ортодо билимимди жогорулатуу максатында Kloop Мedia`нын Бишкектеги Онлайн журналистика мектебинде окудум.

2012-жылдан тарта Жалал-Абаддагы “7-канал” телерадиокомпаниясынын жаңылыктар бөлүмүндө кабарчы жана алып баруучу болуп 2017-жылга чейин эмгектендим.

2020-2021-жылдар аралыгында “Нур ТВ” телеканалында “Аруу аял” автордук берүүсүнүн алып баруучусу болуп иштедим. Акыркы убакта “Ынтымак” коомдук регионалдык телерадиокомпаниясында жаңылыктар бөлүмүнүн кабарчысы болуп иштеп жаткам.

Дээрлик 15 жылдык эмгек жолумда мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде жетекчилик кызматтын жана коомчулук менен байланышуунун жогорку деңгээлин өздөштүрүп, мыкты тажрыйба арттырдым. Ошол эмгек тажрыйбамдын негизинде Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары кызматына дайындалдым.

Бул кызматка эч бир саясатчынын, мамлекеттик кызматкердин жардамысыз келгенимди баса белгилегим келет. Бош орунга атайын резюме жиберип, сынак аркылуу тандалганымды маалымдайм", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.08.2021. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токон Эшбаевдин кызы эмеспи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: