Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короолору тазаланбаса мэрия айып салат
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы бардык үй жана кварталдык комитеттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн,11-августта Биринчи Май районунун тургундары менен үй алдында тазалыкты сактоо жана тартипти бузган учурда көрүлө турган чаралар жөнүндө түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Жакын арада калган үч аймак дагы камтылат.
Эскерте кетсек, мыйзам бузуулар аныкталса, инспекторлор Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесине ылайык жеке адамдарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом айып салынат", - деп билдиришти аталган мекемеден.
Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:
- 0551551745 – Свердлов району;
- 0505523832 – Октябрь району;
- 0555404818 – Биринчи Май району;
- 0554222213 – Ленин району.



1 |