super.kg logo

3 жаштагы кызы менен такси айдап иштеген жарандын үй-бүлөсүн социалдык колдоого алуу боюнча иштерди тез арада уюштуруу тапшырылды

 

3 жаштагы кызы менен такси айдап иштеген жарандын үй-бүлөсүн социалдык колдоого алуу боюнча иштерди тез арада уюштуруу тапшырылды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова Свердлов райондук администрациясынын, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын, Свердлов районунун райондук билим берүү башкармалыгынын жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте жашоо-шартынын оор абалына байланыштуу жашы жете элек кызы менен таксиде иштөөгө аргасыз болгон жалгыз бой адам менен жолугушту.

Анда жаран ал туш болгон оор кырдаал, социалдык коргоо жана бала бакчага берүүгө байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.

Жыпариса Рысбекова Нурилло Мухамеджановго аталган маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин, мындай оор акыбалдан чыгаруу үчүн аларга укуктук, медициналык, социалдык жана башка зарыл жардамдар көрсөтүлөрүн билдирди.

Ошону менен бирге Мухамеджановго кызын түнкүсүн жумушка жанына алып жүрүүгө жол берилбестиги жана баланын дени сак чоңоюшу үчүн бардык шарттарды түзүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тиешелүү кызматтарга үй-бүлө менен жекече иш алып баруу планын түзүү, балага бала бакчадан орун берүү жана мамлекеттик жөлөк пул дайындоо маселелерин чечүү жана үй-бүлөнү Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан социалдык колдоого алуу жаатындагы иштерди тез арада уюштуруу жана башка маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: