super.kg logo

Дан эгинин импорттоо жана ун жеткирүүлөр 1 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулду

 

Дан эгинин импорттоо жана ун жеткирүүлөр 1 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тарабынан кол коюлган токтомго ылайык дан эгинин импорттоо жана ун жеткирүүлөр 1 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулду.

2021-жылдын 1-августунан тартып 2022-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл пайыз өлчөмүндө белгиленди:

  • түздөн-түз импорттоочу, ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан унду кайра иштетүүгө арналган данды импорттоо боюнча;
  • түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан өндүрүлгөн унду салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча.

Бул унга болгон базар баасын турукташтыруу, ошондой эле айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн эффективдүү иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылды.

Бул демилге ички азык-түлүк рыногунда терс кесепеттерди болтурбоого багытталган жана ата мекендик чарбалык субъекттер тарабынан унду кайра иштетүү үчүн данды ташып кирүүнүн түрдүүлүгүн жана көлөмүн жогорулатат жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылат.

Бул чечим 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: