super.kg logo

Быйылкы жылга карата мектептердин 99 пайызы окутууда интернетти колдонушат

 

Министрлер кабинети өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата маалыматтык материалдардын циклин чыгарууну улантууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эгемендүүлүк алгандан кийин республикада ири реформалар башталды. Баштан кечирип жаткан экономикалык кыйынчылыктарга карабастан өлкө кайрадан жаралды – бул өзүнүн символдору, улуттук валютасы жана өзүнүн билим берүү системасы.

30 жыл ичинде бала бакчалардын саны эң чоң өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү, бул сандар өзү айтууда. 1991-жылы 1604 бала бакча болсо, 2000-жылы бул цифра 416ны түзгөн, ал эми 2021-жылы – 196 миң баланы камсыздаган 1648 бала бакча иштейт.

Бул убакыт аралыгында мектептердин саны 1796дан 2296га чейин көбөйдү, мугалимдердин санынын өсүшү 69 миң 871ден 82 миң мугалим катталды. Бирок мектепке чейинки билим берүүчү тарбиячылардын саны 12 миң 981ден 8301ге кыскарды. Кесиптик лицейлердин деңгээлинде системаны оптималдаштыруунун эсебинен мугалимдердин саны 5335тен 3403кө чейин кыскарды.

Орто атайын билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин саны 3630дан 7299 адамга чейин өстү, ЖОЖдордо профессордук-окутуучулук курам 12 миң 197 мугалимге чейин көбөйтүлдү, буга чейин 5142 адам болгон.

Мындан 10 жыл мурун деле мугалимдердин орточо айлыгы 3500 сомду түзгөн. Эми айына 17 миң сомго чейин көбөйдү. Эмгек акынын жогорулашы мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин азайтууга жардам берди: эгер 2012-жылга чейин жыл сайын тартыштык 3,5-4 миң адамды түзсө, 2020-жылы 700гө жакын адамды түзгөн.

Билим берүү системасын санариптештирүү боюнча көлөмдүү иштер жүргүзүлдү. 2021-жылга карата мектептердин 99 пайызы окутууда интернетти колдонушат, бийик тоолуу аймактардагы мектептердин 1 пайызы кабелди орнотууга техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугунан жергиликтүү зымсыз байланыш интернети аркылуу билим берүү ресурстарын изилдөөгө мүмкүндүк берген Илим-бокс жабдуулары менен жабдылган.

Ошондой эле "Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине электрондук кезек" жана "Электрондук биринчи класска кабыл алуу" демилгелери ишке ашырылды.

COVID-19 пандемиясы билим берүү системасынын электрондук трансформациясын тездетүүгө да таасирин тийгизди.

2020-жылы окуу процесси толугу менен дистанттык форматка өткөрүлүп, студенттер үчүн да, мугалимдер үчүн да электрондук билим берүү аянтчалары, электрондук китепканалар, мектеп окуучуларын онлайн тестирлөө үчүн аянтчалар, телекөрсөтүү платформалары аркылуу сурдокотормосун камсыздоо менен мектепке чейинки жана мектептик билим берүү деңгээлдери үчүн 7 миңден ашык видео сабактар түзүлгөн.

Абитуриенттерди кабыл алуу системасы кесиптик билим берүүчү деңгээлде санариптештирилди.

Белгилей кетчү нерсе, бул жылдар аралыгында билим берүү тармагында жасалган иштердин баары өзүнөн-өзү чыккан чечимдер эмес, дайыма пландалган өнүктүрүү стратегиясынын бир бөлүгү болгон.

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин аракети топтолгон тажрыйбанын жана маалыматтардын анализинин негизинде бирдей жеткиликтүүлүктү, билим берүүнүн сапатын, артыкчылыктуу башкарууну жана каржылоону камсыздоо сыяктуу негизги милдеттерди чечүүгө багытталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.08.2021. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каякта 17минге чейин кобойду 5.6мин елего
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: