super.kg logo

Эми массалык мушташка катышкан мигранттарга Орусияга кирүүгө биротоло тыюу салынышы мүмкүн

 

Массалык мушташтын катышуучулары болгон мигранттарга Орусияга кирүүгө биротоло тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Петр Толстой жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип жатып билдирди.

Анда ал мыйзамдын катуулугун көрсөтүү жана мигранттар коомчулугунун криминалдашуусуна жол бербөө үчүн чет өлкөлүктөргө "мыйзамдуу укуктар гана эмес, ошондой эле өз жүрүм-туруму үчүн жоопкерчиликти билиш керек" деп эсептейт.

Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөн ашык мигрант массалык мушташ уюштурушкан.

Москвадагы массалык мушташынан кийин борбор калаанын полициясы күн сайын Борбор Азия өлкөлөрүнүн ондогон жарандарын каттоого алып баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: