COVID-19 менен ооруган бир бейтапты дарылоо үчүн мамлекет канча каражат коротот?
Өлкөдө COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо жана байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан төлөмдүн суммасы кайра эсептелип чыкты.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева эсептөөлөр COVID-19 менен ооругандарга медициналык кызмат көрсөткөн алты саламаттыкты сактоо уюмунун иш жүзүндөгү чыгымдары боюнча маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөнүн айтат.
"Төлөмдүн өлчөмү ПЧР лабораториялык изилдөөлөрүнө кеткен чыгымдарды эсепке албастан эсептелет (коомдук саламаттыкты сактоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт), жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга кеткен чыгымдар жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысы эске алынбайт, анткени алар саламаттыкты сактоо уюмдарынын негизги бюджетинен каржыланат. Иштелип чыккан акы төлөө механизми коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптардын абалын эске алат (жеңил, орточо, оор жана өтө оор)", - деп белгиледи ал.
Коронавирус инфекциясын дарылоого байланыштуу ооруканага жаткыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү:
1. Оорусу жеңил даражадагылар үчүн – 1 миң 951 сом;
2. Оорусу орто даражадагылар үчүн – 4 миң 670 сом;
3. Оорусу оор даражадагылар үчүн – 18 миң 329 сом;
4. Оорусу өтө оор даражадагылар үчүн – 37 миң 843 сом. Мындан тышкары байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн ооруканаларга акы төлөө каралган - 1 миң 862 сом.


Эми туштон кийин калп эле отчет берип кое беришет да, ушунча акча короттук деп......